Ордо калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот

Ордо калаада көп кабаттуу унаа токтотуучу жай пайда болот. Мэрия маалыматына ылайык, объект Муса Жалил – Буденный көчөлөр кесилишинде курулат деп пландалууда.

 

Парковканы жалпы аянты 9 миң чарчы метрден ашып, 239 унааны батыра алат. Күтүлгөндөй, көп кабаттуу унаа токтотуучу жайдын курулушу аталган райондогу тыгындар маселесин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.