Төө-Ашуудагы туннелге 10 сааттык чектөө кийинки аптадан тарта киргизилмей болду.
Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, мунун себеби оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу. Тагыраагы, асфальт төшөөнү тездетүү аракетинен улам Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуудагы туннелде машинелердин жүрүшүнө чектөө 10 саатка чейин созулат.
Белгилеп кетсек, буга чейин Кусеин Көлбаев атындагы туннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн.