Бишкекте газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдык көрүлүүдө

Бишкекте газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине даярдык көрүлүүдө. Мэрияда өткөн жыйында калаа башчы автобазаны техникалардын келишине даярдоону тиешелүү кызматтарга тапшырды.

 

Эске салсак, буга чейин Бишкекке кытайлык заводдон газ кыймылдаткычы менен 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар ийгиликтүү сыноодон өтүп, бийлик дагы 1 миң унаа сатып алууну чечти. Алардын 500ү ушул жылдын аягына чейин шаарга келсе, калганы 2024-жылы жеткирилет деп күтүлүүдө.