Алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпейт

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев алыскы аймактарда 300дөй мугалим жетишпей турганын билдирди. Министр 30-августта «Биринчи радиого» берген маегинде информатика, англис тили сабактарынан берген мугалимдер керек экенин, быйыл жогорку окуу жайлардын педагогикалык факультеттерине тапшыргандардын саны көбөйгөнүн айтты. «Быйыл педагогикалык адистикке 6400дөн ашуун бала тапшырса,… Кененирээк…

Сингапурда мышыктар үчүн дүйнөдөгү биринчи круиз пайда болду

Сингапурда мышыктар үчүн дүйнөдөгү биринчи круиз пайда болду. Эми мышык ээлери жаныбары менен мыкты саякатка бирге чыга алат. Кемеде мышыктар үчүн өзүнчө ыңгайлуу жайлар каралган.   Кичи саякат 2,5 саатка созулат. Мындай круиздерди уюштурган компаниядан белгилешкендей, мышыктар үчүн дагы, алардын ээлери үчүн дагы коопсуздук чаралары… Кененирээк…

Эртең Ош шаарында бир катар көчөлөр кыймылга жабылат

Эртең Ош шаарында бир катар көчөлөр кыймылга жабылат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Тилеке Баатыр, Аматов, Мамыров, Заднепровский, Асранкулов, Пушкин жана Абдыразаков көчөлөрү тосулат.   Убактылуу чектөөлөр Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого байланыштуу.

Кыргызстанда кийинки элдик курултай 15-декабрга белгиленди

Кыргызстанда кийинки элдик курултай 15-декабрга белгиленди. Президент  Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду. Документтин негизинде жер-жерлерден 700 делегатты шайлоо, курултайдын өткөрүү регламентинин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.   Өлкө башчы кабыл алган мыйзамга ылайык, Кыргызстанда биринчи курултай өткөн жылдын 25-26-ноябрында өткөн.

Жалал-Абадда жаңы проспект ачылды

Жалал-Абадда жаңы проспект ачылды. Көчөгө акын Түмөнбай Байзаковдун ысымы ыйгарылды. Жол катмарынын сапатын текшерүүгө өлкө башчы барганын маалымат каражаттары жазышууда.   Президенттин айтымында, алдыдагы жылдары Жалал-Абад шаары республиканын экинчи экономикалык борборуна айланат. Буга чейин бул максатта 2 миллиард сом бөлүнгөн. Кайра иштетүүчү ишканаларды, социалдык объектилерди… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспорт үчүн алгачкы өзүнчө тилке бөлүндү

Бишкекте коомдук транспорт үчүн алгачкы өзүнчө тилке бөлүндү. Мэриядан бидиришкендей, кеп Токомбаев көчөсүнүн Байтик Баатырдан Нуркамал Жетишкаева көчөсүнө чейинки тилкеси тууралуу болуп жатат.   Учурда адистер жол чийиндерин түшүрүп, белгилерди орнотууда. Иштер 1-сентябрга чейин жыйынтыкталат деп пландалууда.   Мэриядан белгилешкендей, өзүнчө тилке тыгындарды азайтуу жана… Кененирээк…

Кыргызстанда орган алмаштыруу операциялары жасала баштады

Кыргызстанда биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалды. Бул операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 30-августта Фейсбукка жазды.   Президент Садыр Жапаров бул ооруканага барып, операция болгон жарандардан кабар алып, бейтапкананын шарты менен таанышты. Ал мындан ары кымбат… Кененирээк…

Күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталды

Мунай ташуучуларга күйүүчү майдын баасын негизсиз жогорулатууга жол бербөө сунушталды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.   Мекеме күйүүчү-майлоочу майдын негизги көлөмү Россиядан келерин эске салат. Азыр алардын рыногунда күйүүчү майдын айрым түрлөрүнүн баасы кескин көтөрүлүп кеткени байкалууда, бул Кыргызстанга таасирин тийгизбей койбойт.… Кененирээк…

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.   Силкинүү бүгүн, 30-августта таңкы саат 07:10до катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.   Жер титирөө Аксы районунун Кум айылында 2,5 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалыматка ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар… Кененирээк…

Ат-Башыда 100 орундуу бала бакча ачылды

Ат-Башыда 100 орундуу бала бакча ачылды.   Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси Кара-Булуң айылында жайгашкан.   Бардык шарты бар бала бакча заманбап жабдуулар менен жабдылган.