Ноокаттын жолуна асфальт төшөө аяктаганы кабарланды

Ош-Баткен-Разаков жолунун Ноокаттагы тилкесине асфальт төшөө аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Сентябрга чейин жол сызыктары чийилип, белгилер орнотулат.   Ноокаттын жолунун абалы боюнча буга чейин ар кандай дооматтар айтылып келген. Аны оңдоо ушул жылдын март айында башталган.   Бул жолдун… Кененирээк…

Салык органдары 31-августта кадимки тартипте иштейт

Салык органдары 31-августта кадимки тартипте иштейт. Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, салык төлөөчүлөр мүлк салыгы боюнча суроолор болсо бул күнү да кайрыла алышат.   Эске салсак, 1-сентябрда автоунаа, турак жай, батир жана үлүш жерлерге салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Кечиккендер айып пул жана ар бир күн үчүн… Кененирээк…

Сириядан Кыргыстанга 95 жаран алынып келди

Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандын 95 жараны алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, алардын 31 аялдар, 64ү жашы жете элек балдар. Бул иш-чарага АКШнын өкмөтү баштаган эл аралык уюмдар көмөктөшкөн.   Эске салсак, ушул жылдын башында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана… Кененирээк…

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат

Кыргызстанда мугалимдер үчүн миң орундуу пансионат курулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев мугалимдердин август конференциясында билдирди.   Анын айтымында тиешелүү тапшырманы президент Садыр Жапаров берген.   Министр ошондой эле 700 мугалимге арзандатылган баада ипотекалык насыя түрүндө үй курула турганын, долбоордун жер… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Бүгүн “Барселонанын” мурдагы оюнчулары менен Азиянын ардагер футболчуларынын беттешине байланыштуу Бишкектин эки көчөсү жабылат.   Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, түшкү саат 2ден тарта оюн аяктаганга чейин Тоголок Молдо көчөсү, Чүй простпектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсү, Манас простпектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылына… Кененирээк…

Ахунбаев, Исанов, Сүйөркуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Медицинанын жана илимдин калыптанышына, өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн академик, хирург Иса Ахунбаевге каза болгондон кийин “Ак Шумкар” өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды.   Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен ушундай эле белги… Кененирээк…

Ооруп калып ишке чыкпаган кызматкерлердин диагнозун жазып берген маалымкатты эми онлайн алса болот

Ооруп калып ишке чыкпаган кызматкерлердин диагнозун жазып берген маалымкатты эми онлайн алса болот.   Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ал үчүн Tunduk порталынан “Ден соолук” бөлүмүнө өтүп, “Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчасы” бөлүмүн тандоо керек. Дарыгерлер бейтаптын дарыланганы тууралуу маалыматты ошол жакка жайгаштырып коёт.   Андан тышкары,… Кененирээк…

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар 1-сентябрда каттамдарга чыгат

Бишкекке Кытайдан келген жаңы автобустар 1-сентябрда каттамдарга чыгат. Бул тууралуу Экономист басылмасына мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, ордо калаанын автотранспорттук ишканасы 200 автобус менен толукталган.   Алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ташууга ылайыкталып, видео байкоо камералары менен камсыздалган.   Андан тышкары, коомдук транспортто накталай эмес… Кененирээк…

1-сентябрдан тарта Өзбекстан аймагына ID-карта менен өтсө болот

1-сентябрдан тарта Өзбекстан аймагына ID-карта менен өтсө болот.   УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүүгө Кыргызстан жарандары үчүн 2004-жылкы жана 2017-жылкы үлгүдөгү ID-карталар жарактуу.   Ошол эле учурда жалпы жарандык паспортторду дагы колдонсо болот. Ал эми чүнчү өлкөлөргө чыгуу  үчүн эки өлкөнүн  жарандарында… Кененирээк…

2024-жылга өндүрүштүк жылнаама, иш убактысынын ченеми бекитилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин буйругу менен 2024-жылга өндүрүштүк жылнаама жана жумуш убактысынын ченеми бекитилди. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.   Келаткан жылы майрам күндөр дем алыштарга туш келгенине байланыштуу кошумча төрт күн эс алуу күнү деп эсептелет. Алар: 8-январь, 8-апрель,… Кененирээк…