Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең, 17-октябрда саат 9:00дөн 22:00гө чейин Алыкулов көчөсү — ЧЧК — Ала-Арча суусу — Лев Толстой көчөсү, Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) — ЧЧК менен чектешкен аймакта, ошондой эле «Аскер шаарчасы», «Кызыл Аскер», 110-квартал конушу, Достук кичирайонунда суу өчүрүлөт.

 

Суу «Батыш» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.