Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын тургуну түнү менен телефондо ойноп, бир көзүнөн жабыркады

Кытайдын Шэньчжэнь шаарынын тургуну түнү менен телефондо ойноп, бир көзүнөн жабыркады. Daily Mail жазгандай,  эркек таң атканча ойногондуктан, көзүнүн ичиндеги тамыр жарылып кеткен.

 

Бул адатта физикалык жактан күч келгенде орун ала турган көрүнүш. Жабыркаганга операция жасалды. Дарыгерлерде анын көзү бир айдан кийин калыбына келет деген үмүт бар.