Быйыл өлкөдө 38 миңден ашык жумуш орду түзүлөт

Быйыл өлкөдө 38 миңден ашык жумуш орду түзүлөт. Буга Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ишендирүүдө.

 

Ведомство “Социалдык контракт” программасын ишке ашыруунун, акы төлөнүүчү коомдук иштердин жана “жеке ассистент” кызматын көрсөтүүнүн алкагында жумуш орундарын түзүүнү пландап жатат.

 

Ошондой эле, министрлик иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чараларын активдештирүү боюнча аймактык бөлүмдөрдүн кызматкерлери үчүн окууларды уюштурат.