Бишкекте жылуулук берүүнү калыбына келтирүү иштери уланууда.
Ыкчам штабдын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Ленин районунда көп кабаттуу үйлөрдө жашаган “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасынын 727 абонентине, ошондой эле 3 мектеп жана 1 бала бакчага жылуулук берүү толук калыбына келтирилди.
Температуралык режимди жакшыртуу боюнча иштер активдүү жүрүп жатат. Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери бардык бузууларды жоюп, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.