Кыргызстанда пенсияга чыгуу жаш курагы көтөрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт

Кыргызстанда пенсияга чыгуу жаш курагы көтөрүлөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Социалдык фонддон билдиришкендей, пенсияга чыгаруу боюнча өзгөрүүлөр киргизилген эмес, мурдагыдай эле эркектер 63 жаштан, аялдар 58 жаштан чыгат.

 

Жарандарга расмий маалыматтарга гана ишенип, жалган билдирүүлөрдү социалдык тармактар, мессенджерлер аркылуу таратпоо сунушталат.