Бишкекте асма жолдун курулушу быйыл башталат. Бул тууралуу шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, жумушчу топ түзүлдү, жакынкы арада Швейцариядан адистер келип, келишим түзүлөт.
Май айында капсула салынып, асма жол колдонууга 2025-жылдын аягында берилет деп күтүлүүдө. Канат жолунун алдын ала каттамы Айтматов проспекти аркылуу Жибек Жолу проспектинен Түштүк Магистралга чейин жетет. Ал 5 станция, 65 вагондон турат. Долбоордун сметалык баасы 50-60 миллион долларзы түзөт.