Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт

Кыргыз тили боюнча милдеттүү тесттин баасы 200 сомду түзөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Ал белгилегендей, тест жалпы республикалык тестирлөөнүн алкагында жүргүзүлөт. Эске салсак, Билим берүү министрлиги буйрук чыгарды, ага ылайык бардык абитуриенттер кыргыз тили боюнча тест… Кененирээк…

Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар борбор шаардын аймагына кошулат

Бишкектин четиндеги айылдар жана конуштар борбор шаардын аймагына кошулат. Токтом долбоору шаардык кеңештин сайтында жарыяланды.   Ленин районуна Орок жана Новопавловка айылдары кирет. Октябрь району Көк-Жар айыл аймагы, Орто-Сай айылы жана Анар-Бак конушу менен кеңейет. Маевка, Пригородный айылдары, Алтын-Казык конушу жана Ак-Жол айылынын чети Биринчи… Кененирээк…

Садыр Жапаров ишкерлер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров “Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду.   Өлкөнүн экономикасынын алдында турган учурдагы чакырыктардын шартында экономикалык өсүүнүн жана социалдык өнүгүүнүн маанилүү кыймылдаткычы болуп эсептелген ишкердик субъекттерге дем берүүгө жана колдоого… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанда 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт

Кыргызстанда бул жылы 73 миңден ашык окуучу мектепти аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.   Ал ошондой эле бүтүрүүчүлөргө толук орто билими тууралуу аттестат акысыз берилерин эске салды.

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, чечим ЕАЭБдин бажы аймагынын чегинен тышкаркы жактарга тиешелүү.   Мындай чектөө алты ай күчүндө болот.

Келерки аптада кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат

Келерки аптада кыргызстандыктар үч күн катары менен эс алышат — 8, 9 жана 10-март.   Эмгек министрлиги эске салгандай, 7-мартта иш күнү бир саатка кыска болот.   Мындан тышкары, Нооруз майрамына карата 21инен 24-мартка чейин дем алыш жарыяланат.

Быйыл бир нече аймакта Юстиция үйлөрүн куруу пландалууда

Быйыл Нарын, Талас, Каракол, Жалал-Абад, Баткен шаарларында, ошондой эле Кочкор айылында Юстиция үйлөрүн куруу пландалууда. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди.   Ошондой эле, түштүк борбордо Ош юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушунун долбоору даяр болду. Бул иштер мамлекеттик бюджеттен каржыланат.

Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизелдик отун бөлдү

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны жөнгө салуу үчүн Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизелдик отун бөлдү. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   Миң тонналык гуманитардык жардамдын биринчи партиясы 28-февралда жөнөтүлгөн. Жүк толугу менен Кыргызстандын Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилет.   Эске салсак, Бишкек Жылуулук электр… Кененирээк…

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-25-майда өтөт

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 25-майга чейин өтөт. Бул тууралуу Билимди баалоо жана окутуунун методикалары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.   Ал учурда ЖРТга каттоо онлайн жүрүп жатканын жана 4-апрелге чейин созула турганын эске салды.   Негизги тестирлөөгө, ошондой эле ар бир предметтик тестке бир абитуриент… Кененирээк…

“Торугарт” жана “Эркечтам” бекеттери дем алышсыз күнү-түнү иштейт

Бүгүнтөн тарта “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрүү пункттарында бажы кызматкерлери дем алышсыз күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.   Бул үчүн мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан бекеттерде бардык зарыл иштер жүрдү. Алсак, “Торугарт” пунктунда “Торугарт-2” комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп,… Кененирээк…