Кыргызстанда 2023-жылы орточо пенсия 1 миң 411 сомго көбөйүп 9 миң  188 сомду түздү

Кыргызстанда 2023-жылы орточо пенсия 1 миң 411 сомго көбөйүп 9 миң  188 сомду түздү. Бул тууралуу Социалдык фонддун маалымат кызматы билдирди. Мурдагы жылы орточо пенсия 7 миң 777 сом болгон.   Учурда өлкөдө жалпысынан   769 миң 500 пенсионер бар, бул 2022-жылга салыштырмалуу 26 миң 600… Кененирээк…

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы автобекет пайда болот

Нарын облусунун Кочкор районунда жаңы автобекет пайда болот. Мамлекеттик курулуш агенттигинин маалыматына ылайык, долбоордун эскизин аймактык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгы даярдады.   Объекттин жалпы аянты 1,5 гектарды түзөт. Жаңы автобекет эл аралык нормаларга ылайык курула турганы айтылууда.

Бишкектин үч конушунда суу өчүрүлөт

5-мартта Бишкектин үч конушунда ичүүчү суу жок болот. Бул тууралуу «Бишкек суу канал» ишканасы кабарлады. Билдирмеге караганда, таза суу саат 09:00дөн 15:00гө чейин Эне-Сай, Дордой – 1 жана Дордой – 2 конуштарында өчүрүлөт. «Бул күнү «Эне-Сай» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштери… Кененирээк…

Казакстандын бардык аймагы бирдей саатка өттү

Казакстан UTC+5 деген бирдей саатка расмий түрдө өттү. Бүгүн 1-мартта жарым түндө республикалык маанидеги шаарлар Астанада, Алматыда жана Чымкентте, ошондой эле 12 облуста саат бир саат артка жылды.   Актөбө, Атырау, Батыш Казакстан, Кызылорда жана Маңгыстау облустарында саат жылган жок, анткени ал жак буга чейин… Кененирээк…

Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи 15% төмөндөтүлөт

Президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Президенттин сайтындагы маалыматта ишкерлерге дем берүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жактаны белгиленет. Ошого карабай, көптөгөн ишкер расмий эмес сектордо иштөөсүн улантып жатканы,… Кененирээк…

Кара-Балта шаарында жаңы бала бакча пайда болду

Кара-Балта шаарында жаңы бала бакча пайда болду. Калаа мэриясынан билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча курулду.   Имарат 50 балага чакталат. Жергиликтүү бийлик жыл сайын бирден бала бакча ачууну пландап жатат.

Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун каржылоо долбоору бекитилгенин билдирди

1-мартта Кашкар шаарында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй болуп үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.   Анда Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун… Кененирээк…

Бишкек мэри эми шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет

Бишкек мэри эми шаардын тарифи менен бюджетин өзү бекитет. Бул тууралуу маалымат шаардык кеңештин сайтында жазылды.   Маалыматка ылайык, калаа башчысына мындай укукту административдик-аймактык реформа, тагыраагы, борбордун аянтын кеңейтүү иштери жүрүп жаткан убакыт ичинде берүү каралууда. Кеп коммуналдык кызмат жана коомдук транспорттогу жол киренин тарифи… Кененирээк…

Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегаты жаңыртылат

Үч-Коргон ГЭСинин гидроагрегаты жаңыртылат.   Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 4-гидроагрегат ушул жылдын ноябрь айына чейин реконструкциядан  өтөт.   Анын жыйынтыгы менен станциянын кубаттуулугу көбөйтүлөт, учурда ал 180 мегватты түзөт. Ведомстводон кошумчалашкандай, Үч-Коргон ГЭСин реабилитациялоо долбоору Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айылында жаңы мектеп ачылды

Айтматов районуна караштуу Ак-Жар айылында жаңы мектеп ачылды. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, билим берүү мекемесинин курулушу 2015-жылы башталган.   Долбоордун сметалык баасы 79 миллион сомду түздү. Мектеп 225 окуучуга чакталып, анда бардык шарттар каралды.