Өкмөт күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүктүн баасын турукташтыруу ниетинде. Кечээ премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков тиешелүү ведомстволорго бир катар тапшырмаларды берди.
Министрликтер Россиядан буудай жана башка азыктарды түз заводдордон алып келүү суроосун чечиши керек. Андан тышкары, социалдык-маанилүү товарлардын баасын күн сайын көзөмөлдөө жана анализ жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ал эми муниципалдык дүкөндөрдө товарлардын түрү көбөйтүлүшү керек.