Президент Садыр Жапаров жогорку аскердик наамдарды ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго жана мурдагы Коргоо министри Таалайбек Өмүралиевге генерал-лейтенант наамдары, Коргоо министри болуп кечээ гана дайындалган Бактыбек Бекболотовго генерал-майор наамы ыйгарылды.
Ошондой эле, Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев дагы генерал-майор болду.