Кыргызстанда бир жылда көмүрдүн баасы 18 пайызга же 794 сомго кымбаттады.
Көрсөткүч былтыркы жылдын октябрына салыштырмалуу быйыл октябрга карата түзүлдү.
Өлкө боюнча минималдуу баалар Чаек айылында, Балыкчы жана Нарын шаарларында – тоннасы
3 миң сомдон 4 миң 200 сомго чейин. Ал эми эң жогорку баа Ноокатта – тоннасы 9 миң 200 сомго барабар,
Исфана 8,5 миң сом болсо, Баткенде 8 миң 200 сом. Көмүр барынан көп бир жылда Кербен шаарында
кымбаттады — тоннасына 3 миң 366 сомго, же эки эседен ашык, Жалал-Абадда — 1 миң 725 сомго жана
Баткенде — 1 миң 604 сомго. Ошол эле учурда Талас шаарында отундун баасы тескерисинче
тоннасына 62 сомго арзандады.