Адам өмүрүн узартуунун ыкмасы айтылды.
Бул үчүн тамактануу рационунан майонез менен маргаринди
зайтун майына алмаштыруу зарыл, — дешет Гарвард медициналык
факультетинин окумуштуулары. Зайтун майын көбүрөөк колдонуу менен
жүрөк-кан тамыр, рак, нерв жана респиратордук ооруларды 20-30 пайызга
чейин азайтышы мүмкүн. Адистер белгилешкендей, зайтун майы көбүнчө
Түштүк Европа менен Жер Ортолук деңизде көп колдонулат.