Быйыл туризмди өнүктүрүүгө 1 миллиард 40 миллион сом каралды.
Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жаманкулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Аткаминердин айтымында, каражаттын 1 миллиарды Туризмди өнүктүрүү фондуна, калганы туризм департаментине бөлүндү.
Ал кошумчалагандай, сумма туристтик объектилерди курууга жумшалат.