Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинде жарандар жана унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алынды.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пункт учурда кадимки тартипте иштеп жатат.
Эске салсак, “Ак-Жол” бекетинде бүгүн түшкү саат 3төн 6га чейин унааларды жана адамдарды өткөрүү убактылуу токтотулган.
Мунун себеби тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун маалымат базасын жаңылоого байланыштуу болгон.