Кыргызстанда сасык тумоо жана курч респиратордук вирустар күч алууда. Инфекция балдарга дагы, чоңдорго дагы жайылууда. Өтүп кеткен жума ичинде 4 миңден ашык учур катталды.
Вирустарды алдын алуу үчүн адистер колду байма-бай самындап жууп, эл көп чогулган жерлерден оолак болууну сунуштайт. Ал эми коргонуунун эң ишенимдүү түрү – эмдөө болуп эсептелет.
Саламаттыкты сактоо министрлиги курч респиратордук вирустарга каршы вакцинаны ушул айдын ортосунда сатып алат. Андан кийин калкты эмдөө башталат.