«Акыркы коңгуроо» салтанатында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кыргызстанда «Акыркы коңгуроо» салтанаты учурунда коомдук коопсуздукту камсыздоо жана көзөмөлдөө күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда алар бардык орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө, мугалимдерге жана ата-энелерге балдардын коопсуздугунун маанилүүлүгү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул күнү кызматкерлер орто мектептердин аймагына бөлүштүрүлүп, коопсуздукту камсыздашат.

 

Ошондой эле он жылдык, жыйырма жылдык жолугушуу кечерелери учурунда ичип алып унаа башкаргандар, ээнбаштык жасагандар жана жалпы жол кырсыктарынын алдын алуу максатында өлкө аймагындагы шаарларга кирип чыгуучу жолдого атайын күзөт посттору коюулуп, унаалар текшерилип турат.