Быйыл Бишкектеги 11 жаңы конушка газ жеткирилет. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда “Төкөлдөш”, “Ак-Тилек-2”, “Ак-Тилек-Турбаза” жана “Ала-Арча” жаңы конуштарында газ түтүктөрүн орнотуу иштери жүрүп жатат.
Ошондой эле Чүй облусунун Новопавловка жана Селекционное айылдарында да иштер башталды.
Жакында “Бакай-Ата”, “Жогорку Көк-Жар”, “Попеновка” жана “Товарная” калктуу конуштарында да жумуш баштоо пландалууда.