Кыргызстанда бүгүнкү күндө калкты каттоо өткөрүлгөн жок

Кыргызстанда бүгүнкү күндө калкты каттоо өткөрүлгөн жок. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жарандарды жана турак-жай фондун каттоо 23-марттан 1-апрелге чейин өтмөк.

 

Бирок пандемиядан улам, процедура белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Белгилеп кетсек, социалдык тармактарда белгисиз адамдар калкты каттоого шылтап, үймө-үй кыдырышып, жарандардын жеке маалыматын чогултуп жатканы тууралуу маалымат тарап жатат.