Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ,
катуу жааган жамгырдан суу ташкындап, Лейлек айыл аймагынын
Ак-Терек айылындагы 11 үйдүн ичине жана дагы 8 турак жайдын
короосуна толуп калды. Ошондой эле Ак-Суу айыл аймагындагы
10 үйдүн короосун сел каптады. Андан тышкары, Ош-Баткен-Исфана
унаа жолунун 318-320-чакырымын суу алып кетти. Жеринде
4 оор техника тазалоо иштерин жүргүзүп жатат.