Бишкек мэриясы аш-тойду өткөрүүнү чектеген долбоорду коомдук талкууга чыгарды

Бишкек мэриясы аш-тойду өткөрүүнү чектеген долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Документте бир нече талаптар көрсөтүлгөн, алсак – үйлөнүү тойго 250дөн ашык конок чакырылбашы керек, 1 бодо мал, же 3 майда жандык союу сунушталат.

 

Үй-бүлөлүк салтанаттар, мааракелер кечки саат 12ге чейин аяктап, коноктордун саны 200дөн ашпашы зарыл.

 

Тажыяга үч күн берилет, келгендердин саны чектелбейт. Бирок бодо мал союп, дасторкон жаюуга  тыюу салынат. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге той-аш өткөргөндө бодо мал союуга, көп каражат жумшоого болбойт.