Кыргызстанда биринчи элдик курултай 25-ноябрда өтөт. Президент Садыр Жапаров “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Уюштуруу комитетинин башчысы болуп мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов дайындалды жана курамы бекитилди.
Элдик курултай институту өткөн жылы 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.
Белгилеп кетсек, элдик курултай — кеңеш берүүчү, байкоочу чогулуш, ал коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет.