Калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын ишке ашырууга бюджеттен 350 миллион сом бөлүнөт

Кыргызстандагы калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу программасын ишке ашыруу үчүн бюджеттен 350 миллион сом бөлүнөт.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, тиешелүү ведомстволор 20 пилоттук шаардын башкы пландарын иштеп чыгып, ошондой эле чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштардын башкы планын аяктоосу керек.

Бул программа аймактарды өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга жана шаарларды өнүктүрүүдөгү коррупциялык схемаларды жоюуга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.