Дагы 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды

Өлкөдө бир суткада коронавирус илдетин 4 медицина кызматкери жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында кабарлады.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында катталгандардын саны 255. Алардын ичинен 212 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан.