Бишкекте автобус-троллейбустарда жол кире 17 сомду түзүшү мүмкүн

Бишкекте автобус-троллейбустарда жол кире 17 сомду түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу вице-мэр Максатбек Сазыкулов билдирди. Анын айтымында, ал эми накталай төлөгөн жүргүнчүлөр 20 сомдон бериши керек болот.

 

Сазыкулов белгилегендей, октябрда маселе көтөрүлүп, мэрия Бишкек шаардык кеңешке тиешелүү сунуш менен токтом долбоорун киргизгенде, 20 жана 25 сомдук тарифтер аталган.

 

Бирок коомдук талкууну эске алып, тарифти 20 сомдон ашырбоо чечими кабыл алынды, — деди вице-мэр.