Бишкекте экополиция түзүү каралууда

Ыш менен күрөшүүдө жыйынтыкка жетишүү максатында Бишкек шаарында эко-полиция түзүү каралууда. Бул тууралуу Бишкектеги жана Чүй облусундагы абанын булгануу көйгөйлөрү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи жыйынында айтылды. Экополиция кандай иштей турганы айтылган эмес.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, комиссия Бишкектин четиндеги конуштарды газдаштыруу, жылуулук электр борборун (ЖЭБ) 15 от казанын газга өткөрүү жана коомдук ден соолукту чыңдоочу борборлорду, мончолорду жана жеке секторлорду текшерүү жөнүндө пунктту киргизүүнү сунуштады.

Ведомстволор аралык комиссияга ыш маселеси менен иш алып барган ондон ашык мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

Ордо калаада акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт.

World Air Quality уюмунун индексинде жыл сайын күз-кыш айларында Бишкек абасы кир шаарлардын сап башына чыгууда.

Декабрь айында Кыргыз гидрометеорология институту Бишкектин абасында күкүрт кош кычкылы, азот кычкылы, формальдегид заттары нормадан ашык экени атайын изилдөөдө аныкталганын билдирген.

Министрлер кабинети Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) газга өткөрүү үчүн каражат бөлүүгө даяр экенин 20-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирген. Министрдин айтымында, ЖЭБдин эски блогун толугу менен газга өткөрүү үчүн 4,8 млрд. сомдой кошумча каражат талап кылынат. Учурда бул багытта «Газпром Кыргызстан» ишканасы менен сүйлөшүү жүрүүдө.