Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрдү

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрдү. Унаа жана жолдор министрлигинин басма-сөз кызматынан бизге билдиришкендей, кечээ кечинде нөшөрлөгөн жаан-чачындан кийин трассанын 111-114-чакырым аралыгын суу каптады.

 

Учурда жеринде селдин кесепетин жоюу, жолдун жаап калган бөлүктөрүн тазалоо иштери жүрүүдө.

 

Ошондой эле, Алай районунун Сопу-Коргон-Терек  менен Пад-Аскалы унаа жолдорунда  сел жүрүп, азыркы тапта тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүп жатат.