Республиканын ар бир мектебине бирден жол инспектору бекитилди

Республиканын ар бир мектебине бирден жол инспектору бекитилди. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, алар билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун сакташат.

 

Ведомство сентябрда кыймыл кескин өскөндүгүн эскертип, жарандарды жол эрежелерин сактоого чакырат. Ата-энелерге болсо башталгыч класстардагы балдарын мектепке коштоп баруу сунушталат.