Бишкекте медицина кызматкерлеринин мобилдик бригадаларынын саны көбөйтүлөт

Бишкекте медицина кызматкерлеринин мобилдик бригадаларынын саны көбөйтүлөт. Бул тууралуу биринчи  вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

 

Анын айтымында, ошондой эле тез жардам кызматынын кошумча бригадалары ишке тартылып, кийинки жумадан тарта стационарлар ачылат.

 

Новиков эске салгандай, өлкөгө “Спутник V” вакцинасынын биринчи партиясы жеткирилди. Андан тышкары, кытайлык препарат менен дагы эмдөө жүрүүдө.