Жер титирөөдөн Кыргызстанда олуттуу кыйроолор катталган жок

23-январга караган түнү очогу Кытайдын аймагында болуп, толкуну Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанга чейин жеткен жер титирөөдөн Кыргызстанда олуттуу кыйроолор катталган жок. Мындай жыйынтыкка Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адистери келишти.

 

Ведомстводон билдиришкендей, республика боюнча жалпысынан 78 объект текшерилсе, анын ичинен 50 имарат жарандардын кайрылуусунан кийин көзөмөлгө алынган.

 

Белгиленгендей, адам өмүрүнө коркунуч туудурган объектилер аныкталган жок.