Бишкекте жана өлкөнүн түндүк аймактарында бүгүн түнү кескин суук болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, 4-ноябрдан тартып абанын табы
10-12 градуска төмөндөйт. Эртең күндүз ордо калаада -6 гардуска чейин
төмөндөсө, түнкүсүн -12ге жетет. Күн бою кар жаайт. Жумада жаан-чачын токтойт,
күн чыгат, бирок суук күчөйт. + белгисиндеги аба-ырайы кийинки жумада кайтып келет.