Бишкекте жеке медициналык клиника жайгашкан дагы бир имарат Саламаттыкты сактоо министрлигине кайтарылат

Бишкекте жеке медициналык клиника жайгашкан дагы бир имарат Саламаттыкты сактоо министрлигине кайтарылат. Ведомство жетекчиси Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, №2-клиникалык көп тармактуу ооруканада «Көз микрохирургиясы» клиникасы жайгашкан. Анын ижара келишими мэрия тарабынан

токтотулган, андан улам кыска убакытта «кызыл» зонанын койкалары алынып келип, соматикалык оорусу

бар бейтаптарды кабыл алган негизги имарат даярдалышы керек, — деп тапшырды министр. Ал

кошумчалагандай, №2-төрөт үйүнүн имаратында жайгашкан дагы бир көп тармактуу

клиниканын ижара келишими токтотулган.