Бишкекте жол тыгындарын жөнгө салуу үчүн кырдаалдык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган борбор жол-транспорттук кырдаал, жүргүнчүлөрдүн агымы жөнүндө маалыматтарды иштеп чыгат жана акылдуу жол чырактардын ишин жөнгө салат.
Эске салсак, буга чейин мэриянын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жол тыгындары менен күрөшүү үчүн Жол кыймылын башкаруу борборун түзүүнү пландап жатканын билдирген.