Бишкекте жылуулук кое берилгенине байланыштуу, түтүктөрдө авария катталды

Бишкекте жылуулук кое берилгенине байланыштуу, түтүктөрдө авария катталды. Бүгүн эртең менен Москва жана Турусбеков көчөлөр кесилишинде ысык суудан ири фонтан пайда болду.

 

Окуянын видеосу социалдык тармактарда жарыяланды. Анда көрүнгөндөй, суу оргумасынын бийиктиги болжол менен                         10 метрге чейин жетти. “Жылуулук тармактарынын” бригадасы дароо келип, жеринде оңдоо иштерин жүргүздү. Учурга карата авария жокко чыгарылды.