Кыргыз эл артисти, обончу, ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү обончу жана ырчы Аксуубай Атабаевдин 80 жылдыгы белгиленет.

Маданият, маалымат, спрот жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 13-декабрда, саат 18:00дө башталат.

 

Аксуубай Атабаев 1943-жылы 22-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылында туулган. 1970-жылы Муратаалы Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын элдик аспаптар бөлүмүн, 1974-1979-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Көркөм өнөр институтунун маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

 

1963-жылы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына хордун артисти, 1970-1976-жылдары Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында музыкант, 1979-1982-жылдары Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда солист, 1982-жылдан баштап Республикалык кесиптик-техникалык окуу жайынын маданият ордосунун директору болуп эмгектенген.

 

2010-жылы ардактуу эс алууга чыгып, 2011-жылы 68 жаш курагында жүрөк оорудан улам каза болгон.