Бишкектин бардык бейтапканалары кадимки режим менен иштеп жатат

Бишкектин бардык бейтапканалары кадимки режим менен иштеп жатат. Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди. Шаардын стационарлары тууралуу айта турган болсок, алар чукул бейтаптарды гана кабыл алууда.

 

Андан тышкары, өзгөчө кырдаал режиминде Бишкекте медиктердин 20 мобилдик бригадасы иштеп жатат.

 

Алар үй карантининдеги адамдардын ден-соолугун көзөмөлдөөдө.