Кыргызстанда адвокаттар күнү белгилениши мүмкүн

Юстиция министрлиги 1-мартты расмий түрдө жактоочулар күнү катары белгилөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу ведомстводон билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл Кыргызстанда адвокаттык кесиптин түптөлгөнүнө 97 жыл болот.
«Бул тууралуу архивдик документтерде айтылган. Кара-Кыргыз автономиялуу облусунда жактоочулардын алгачкы коллегиясы 1925-жылдын 1-мартында өткөн. Архивде 1924-1926-жылкы облустук соттордун протоколдорун көрүүгө болот», — деп айтылат билдирүүдө.
Учурда Юстиция министрлиги КР Адвокатурасы менен биргеликте 1-мартты жактоочулар күнү деп белгилөөнү демилгелегени жатат.