Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө бүгүн таза суу өчүрүлөт. Эртең мененки саат 9дан кечки 9га чейин суу Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бел, Саадаев көчөлөрүндө, Жибек Жолу проспектинде жана Жаш Гвардия бульварында жок болот.

 

Суу ошондой эле Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам-Алик конуштарында өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.