Эми Бишкектеги автобустар жол эрежеси бузулганын каттай баштайт

Эми Бишкектеги автобустар жол эрежеси бузулганын каттай баштайт.

 

Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, ордо калаада жаңы автобустарга камералар орнотулган.

 

Пилоттук долбоордун алкагында муниципалитеттин кызматкерлери жол эрежесин бузуу фактысы бар-жогун аныктоо үчүн видеолорду көрүп чыгат. Эгер эреже бузулса, Кайгуул милицияга жөнөтүлөт. Ошондой эле камералар салондун ичин дагы тартат.