Ленин округу боюнча шайлоочулардын болжолдуу тизмеси такталды

Бишкектин Ленин округу боюнча шайлоочулардын болжолдуу тизмеси такталды. БШКнын маалыматына ылайык, 10-сентябрда 127 миң 819 жаран добуш бере алат.

 

Шайлоочулар 25-июлдан 30-августка чейин тизмеде бар-жогун Тизме порталынан текшериши керек. Андан өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына паспорту менен барып, тактоо үчүн арыз менен кайрылса болот.

 

Бир мандаттуу №26 Ленин округунан Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 10-сентябрда өтөт. Шайлоого азырынча 8 талапкер катталды. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 10-августта жыйынтыкталат.