Баку-Бишкек-Баку түз аба каттамы ачылды

Баку-Бишкек-Баку түз аба каттамы ачылды. Аталган багыт боюнча алгачкы рейс жекшемби күнү «Манас» эл аралык аэропортуна келип конду.

 

Каттам азербайжандык авиакомпания тарабынан жумасына бир жолу аткарылат.

 

Эске салсак, эки өлкө ортосунда түз авиакаттам ачуу демилгеси Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин былтыр Кыргызстанга болгон алгачкы мамлекеттик сапарынын алкагында көтөрүлгөн.