Бишкектин жана Чүйдүн бир бөлүгүндө жарык өчүрүлөт.
“Түндүк электр” жана “Чыгыш электр” ишканаларынан билдиришкендей,
бүгүн кечки саат 5ке чейин ордо калаадагы “Улан” кичирайонунда, Чүйдүн Ленин,
Сокулук, Саз, Конуш, 1-май, Асылбаш, Төш-Булак, Жаңы-Жер жана Западный айылдарында
электр энергиясы жок болот. Убактылуу өчүрүүлөр оңдоо иштерине байланыштуу.