Жарым жылда Кыргызстан 2 млрд кВт сааттан ашык электр энергиясын импорттоду

Жарым жылда Кыргызстан Казакстан, Россия жана Түркмөнстандан 2 миллиард кВт сааттан ашык электр энергиясын 5 миллиард сомго жакын сатып алды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

 

Белгиленгендей, Кыргызстан эң көп Түркмөнстандан — 1 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын 2,6 миллиард сомго сатып алган.

 

Мындан тышкары, Казакстандан Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо болжол менен 667 миллион киловатт болсо, Россиядан жеткирүүлөр 283 миллион киловатт-сааттан ашкан.