“Унаа” мекемесинин Токтогул сектору беш күн иштебейт

“Унаа” мекемесинин Токтогул сектору беш күн иштебейт. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук электр тармактары тарабынан чубалгы оңдоо иштери жүрүп жатат. Буга байланыштуу 16-сентябрга чейин аймакта эртең мененки саат 8ден кечки саат 6га чейин жарык өчүрүлөт.

 

Жарандар “Унаа” мекемесинин облустагы башка бөлүмдөрүнө кайрылса болот.