Кышкысын 5 кВт/сааттан ашык электр энергиясын бир учурда колдонууга болбойт

Кыргызстанда жарандар кышкысын 5 киловатт сааттан ашык электр энергиясын бир учурда колдоно албайт. «Улуттук электр тармактары” ишканасынын басма сөз кызматынын жетекчиси Элзада Саргашкаева бул лимит кандай иштей турганын айтып берди.

 

“Мисалы, бир эле учурда 10 энергия үнөмдөөчү лампаны, сыналгы, муздаткыч, электр плитасы, кир жуугуч машина, компьютер жана телефон кубаттагычты колдонсо болот. Бирок ушул эле учурда үтүктү сайып койсок, счетчик автоматтык түрдө өчүп калат”.

 

Мындан улам, абоненттерге энергияны сарамжалдуу пайдалануу сунушталат.