Швециялык активист өспүрүм Грета Тунберг “Time” басылмасынын версиясы боюнча “Жыл адамы” деп табылды

Швециялык активист өспүрүм Грета Тунберг “Time” басылмасынын версиясы боюнча “Жыл адамы” деп табылды. Грета Тунберг 16 жашта гана болгонуна карабай, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүп келет.   Ал БУУнун  Нью-Йорктогу саммитинде дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү тууралуу сөз сүйлөгөн. “Time” басылмасынын “Жыл адамы” наамына Дональд Трамп, Марк Цукерберг, Жаңы Зеландиянын… Кененирээк…

Амстердамда дүйнөдөгү эң жаш дипломдун ээси 9 жаштагы вундеркинд боло албайт

Амстердамда дүйнөдөгү эң жаш дипломдун ээси 9 жаштагы вундеркинд боло албайт. Бала үчүн ата-энеси Бельгиядан Нидерландияга көчүп барган жана бул тууралуу мурда билдиргенбиз. Эми бала билим алып жаткан университеттин жетекчилиги ага диплом берүүдөн баш тартты. 26-декабрда бала 10 жашка толгончо, анын ата-энеси дипломдуу болуп калышын… Кененирээк…

Сүйлөгөн мышык адамдарды таң калтырууда

Сүйлөгөн мышык адамдарды таң калтырууда. Социалдык тармакта Гамбино аттуу мышыктын англисче «Well, hi!» депүн чыгарган видеосу көп көрүлүүдө. Видеодо Гамбино башка мышыктардан качып барып муздаткычтын артына жашынып калган. Ээси анын артынан камерасын көтөрүп чуркап барганда адамдай сүйлөгөн. Бул ролик бир нече миллион жолу көрүлдү. Маалыматка… Кененирээк…

Миллиондогон колдонуучулардын WhatsApp тиркемеси жаңы жылдан кийин иштебей калат

Миллиондогон колдонуучулардын WhatsApp тиркемеси жаңы жылдан кийин иштебей калат. Мындай система Android базасындагы смартфондордун 2.3.7 жана iPhone дун iOS 8ден ылдый системаларында өчүрүлөт. Белгилеп кетсек, мындай ыңгайсыздык мессенджердин ишин жакшыртуу иштери жүрүп жатканына байланыштуу.

Time басылмасы “Жыл адамы” наамына талапкерлерди жарыялады

Time басылмасы “Жыл адамы” наамына талапкерлерди жарыялады. Бул ирет кыска тизмеге саясатчылар, активисттер жана башка чөйрөлөрдүн өкүлдөрү кирди. Анын ичинде АКШ президенти Дональд Трамп, Кытайдын лидери Си Цзиньпин, швециялык активист өспүрүм Грета Тунберг жана Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг  бар.   Андан тышкары, Гонкогдогу нааразычылык… Кененирээк…

Twitter тиркемеси эң көп талкууланган темаларды жарыялады

Twitter тиркемеси эң көп талкууланган темаларды жарыялады. Биринчи орунда Нотр-Дамдагы өрт, экинчиде Япониядагы “Хагибис” тайфуну ал эми үчүнчүдө Гонконгдогу нааразычылыктар, климаттыр протесттер аталды. Ошондой эле көп талкууга алынган саясатчы деп АКШнын президент Дональд Трамп жана Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин экени белгилүү болду.

Дүйнөдө эң жаш премьер-министр 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти

Дүйнөдө эң жаш премьер-министр 34 жаштагы Санна Марин парламентте ант берип кызматка киришти. Ал буга чейин транспорт министри болчу. Марин саясатка университетти аяктай электе аралаша баштаган. Кошумчаласак, Финляндиянын жаңы премьери украин өкмөт башчысы Алексей Гончарук менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындан бир жаш кичүү.

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлат

Россиянын Ростов-на-Дону шаарынын көчөлөрүнүн бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы коюлат. Бул тууралуу Ростов өкмөтүнүн расмий сайтында жарыяланды. Белгилеп кетсек, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов залкар жазуучунун атын көчөгө ыйгаруу тууралуу Ростов облусунун губернатору Василий ГОлубевго сунуштаган.

Москванын экс-мэри Юрий Лужков көз жумду

Россиялык бир катар маалымат агенттиктер Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков 83 жаш курагында ажал тапканын жазып чыгышты. Ага ылайык, экс-мэр Германиянын Мюнхен шаарында жүрөгүнө операция жасалгандан кийин жакшы боло алган эмес.   Лужков 1936-жылы Москвада туулган. Ал 1958-жылы Нефтехимия жана газ өнөр жайы боюнча Москва… Кененирээк…

Сауд Аравиянын өкмөтү эркектер менен аялдар үчүн кафе-ресторандардагы бөлүнгөнөз-өзүнчө кире бериштерди жокко чыгарды

  Сауд Аравиянын өкмөтү эркектер менен аялдар үчүн кафе-ресторандардагы бөлүнгөн, Айрым кафе-ресторандар мындай жаңы системадан баш тартып коюшту. Буга чейин аталган жайларда балдар жана аялдарга өзүнчө кире бериш болсо, эркектер башка жактан киришчү. Белгилеп кетсек, бийликке 2015-жылы падыша Мухаммед бен Салман келгенден кийин өлкөдө ири… Кененирээк…